Хандын улуу вазири жортуулда набыт болот. Хан абдан кейийт. “Мындай вазирди кайдан табам? — деп ой басат:  — Өмүр бою кеңешчим да болду. Дос да элек. Абдан акылдуу…  Ички-тышкы душмандарымды вазиримдин кеңеши менен жеңип келгем. Элге да кадыр-баркы жогору эле…”

Көпкө чейин аза күтүп, вазирин жоктоп кыйналат. Ханды тегеректеп жүргөн кеңешчилери улуу вазирдин ордун ээлегилери келип, кошомат кылууга өтүшөт.

Ансайын хандын көңүлү чөгөт. Баягыдай кеп-кеңешин айтып, туура жолду көрсөтүп турган вазири жок, кимдин сөзүн угуп, кимисине ишенээрин билбей кыйналат. Бир күнү ойлонуп отурат да, ордодогулардын баарын чакырып мындай дейт:

— Мен улуу вазирди жоктоп кыйналдым. Кайгы мени айланып кетпөчүдөй… Кантсем эс алып, эмне кылсам көксөөм суурун биле албай чайналып, акыры бир ойго токтолдум. Ушу жерде турган ар бириң бирден жаш жигит алып келип, менин ордомдун дал ортосунан башын аласыңар! Ошондо гана демим сууп, вазиримди жоктоонун азабынан арылам. Кимде-ким айтканымды аткара албаса —  башы кетет!, — дейт каардуу…

Баары таңыркай карашат. Бирок каяша айтуудан айбыгышып, баштарын жерге салып туруп беришет. Арасынан бирөөсү гана:

— Урматтуу ханым! Күнөөсүз жаш жигиттердин башын алуу менен кантип көксөөңүз сууйт?! Андан көрө вазирдин набыт болушуна түздөн-түз себепкер душманды жок кылалы! — дейт.

— Азыр душманды жок кылууга дараметим жетпейт! Менин айтканымды жасагыла! Кимде-ким каршы болсо башы кетет! Эртең ушул маалда ар бириңди күтөм! — деп кыйкырат.

Ошентип эртеси күнү бирден жигит жетелеген кеңешчилер ордого чогула башташат. Алар  элдин ыйлап-сыктагандарына, алардын каршылыктарына карабай зомбулук кылышат.

— Ии, — дейт хан чогулгандарга карап:

— Баарыңар келдиңерби? Буйругумду аткаргысы келбей баш тарткандар барбы араңарда?! Эгер бар болсо, ошонун башын алуу менен баштайбыз! — дейт сүрдүү….

Баары күбүр-шыбыр боло түшүшөт. Ханга каршы сүйлөп, болбойт, — деген кеңешчи гана эч кимди алып келбей өзү келгенин айтып, алдыга чыгат.

— Улуу урматтуу ханым! Мен өзүм келдим! Күнөөсүз бирөөнүн ажалына себепкер болуп, жакындарынын көз жашына калгыча, менин башымды алыңыз! Мен даярмын! — деп башын ийет.Аны баары аянычтуу карашып: “Ай келесоо, өзүнө-өзү кылды”, — деп шыпшынышат. Ошондо хан ордунан туруп, башын ийип турган жигитти кучактап тургузат да:

— Сендей жигит издедим эле! Улуу вазирим сен бол! –деп далыга таптап, нарыда жарданып тургандарга :

— Коркок-билиш кылып, туура эмес ишимди да туура деп кошомат кылган кеңешчилердин мага кереги жок! Баарыңар бошсуңар! Мен бүгүндөн баштап эч кимиңди ордодон көрбөйүн! — дейт каардуу.

Ошентип хан тегерегинде жүргөн кошоматчыларды кетирип, сыноо менен башка жигиттерден кеңешчилерди топтойт экен…

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
Алия менен жылкы39
Акылдуу кыз жомок35
Кыска жана күлкүлүү жомоктор34
Акылдуу балдар30
Көмөч нан (колобок) жомок23
Нооруз жөнүндө жомок22
Кырк калп жомок21
Жылдын төрт мезгили жөнүндө болумуш20
Карышкыр менен эчки20
Карышкыр жана жети улак18

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *