Күндөрүм алмашып өзгөрүп барат
Сүйүүгө зарыгып ашыктым сага
Сен да ойлойсуңбу сүрөтүм карап?
Сезимдерге жылуу берип канат байлап
Кайырма:
Алыс болсоң да
Жакын жүрсөн да
Сенин сүйүүңө зарыгам
Күндөр өтсө да
Жамгыр төксө да
Үмүтүм үзбөстөн жолуңду мен карап келем
Айтчы
Сүйөм дедиң беле
Айтчы
Жаным мага сөзүң керек
Айтчы
Жүрөгүмдү сага берем
Сүйөм деп айтчы
Мага болчу белек
Сени күтүп келем
Сага баарын берем
Басалы бирге биз өмүрдүн жолун
Ашалы булуттар тиреген тоону
Калбасын гүлдөрдөй сүйүүбүз соолуп
Сезилбесин жүрөктөрдү эзген оору
Кайырма:
Алыс болсоң да
Жакын жүрсөң да
Сенин сүйүүңө зарыгам
Күндөр өтсө да
Жамгыр төксө да
Үмүтүм үзбөстөн жолуңду мен карап келем
Айтчы
Сүйөм дедиң беле
Айтчы
Жаным мага сөзүң керек
Айтчы
Жүрөгүмдү сага берем
Сүйөм деп айтчы
Мага болчу белек
Сени күтүп келем
Сага баарын берем