Ушул ырым сага арнадым,
Оо, сүйгөнүм, менин ардагым.
Сүйүп жүрүп сага жетпедим,
Кимге айтам эми арманым?
Кайырма:
Алыстаса менден карааның,
Аянычтуу карап каламын.
А сен болсо кете бересиң,
Кучагында бөлөк баланын.
Алыс кетсе менден карааның,
Кызганычтуу карап турамын.
А сен болсо кете бересиң,
Кучагында бөлөк баланын.
Бар экен деп уккам сүйгөнүң,
Менден башка бөлөк жүргөнүң.
Тагдыр деген ушул турбайбы,
Сүйгөнү менен бирге кылбайбы?
Кайырма:
Кетсең эми кете бергиниң,
Эми сени көрөр бекенмин?
Түбөлүккө эстеп жүрөрмүн,
Сени менен жүргөн күндөрдү.
Кайырма:
Ынак Осмоналиев — Алыстаба тексти
Датасы: 25.10.2020 Көрүүлөр: 3888
Бул ырдын созу кимге таандык обону кимге таандык билсениздер жаза кеткиле