Жаз айында ачылган гүлүмсүң
Жан дүйнөмө тунук шүдүрүмсүң
Жалбырактар нурга зар болгондо
Жарык чачып сылаган күнүмсуң
Муздар ээрип саратан салкында
Жамгыр токтоп асан үсөн жылмайганда
Тагдырымдын таттуу балы сен кызым
Татынакай көгүчкөнүм бакыт жайган
Кайырма:
Жашоо деңизиндей сулуу берметим кызым
Атакеңдин мээримин терметип кызым
Жашыл багым күлдөдү да
Өмүрүмө сен келип кызым
Саат жебесин токтоткум келбеди
Сагынарым билип турсам да
Кыялдарым бар эле себеби
Бактыма өзүмдү унутсам да
Оорундалсын ар бир телегиң жаным
Ойроң дүйнө күтө турат бир азга
Ойлогондой болбойт экен бил жаным
Кыялдар унутулуп калса
Кайырма:
Жашоо деңизиндей сулуу берметим кызым
Атакеңдин мээримин терметип кызым
Жашыл багым күлдөдү көк
Өмүрүмө сен келип кызым
Ырыскелди Сатыбалдиев — Кызым тексти
Датасы: 23.02.2026 Көрүүлөр: 51


