Датасы: 09.10.2020
Формат: mp3

Ак көйнөк, кызыл көйнөк, жашыл көйнөк,
Кыздар ай, жүрөгүм от кетет ойноп.
Ойлонтуп кызгалдактай кылыгыңар,
Кыялым Ала-Тоону кетти бойлоп.
Кайырма:
Кыздар ай, эшигиңде көпкө күттүм,
Үшүдүм жамгыр жааган түндө калдым.
Ышкырдым терезеңер күйүп турду,
Укпадыңар күйүп- жандым.
Кыздарга арналат да ушул ырым,
Айтайын жүрөктөгү болгон сырым.
Санаага салып мени койдуңарбы,
Черткилеп өйдө-төмөн жүрөк кылын.
Турамын тоодой болгон ойду толгоп,
Кыздар ай, койдуңарбы бизди ойлоп.
Жылмайып сарсанаага салдыңарбы,
Ойлорум аккан сууну кетти бойлоп.

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *