Апа сиз болгондо ыйлабайт элем
Апа сиз болгондо кыйналбайт элем
Апа жаныңыздан бир жолу көрсөм
Башка эч нерсе сурабайт элем
Кичинекейим менин, кенжетай, эрке балам
Чоңойсо иштеп анан, ушунум мени багат
Дечү элеңиз апаке, ал сөздөрүңүз эстеп
Эч ким жок жерге барып, буулугуп ыйлап алам
Апа, сиз ойлонбоңуз, балаңыз жакшы шүгүр
Курсагым ток апаке, кийимим баары бүтүн
Көздөгуү жашым көрүп, кабатыр албаңызчы
Ал сизди сагынганым, кусаланганым үчүн
Сиздей болуп эч ким батырбайт
Сиздей болуп эч ким сагынбайт апа
Сиздей болуп башымдан сылап
Көзүмдөн жашым арчыбайт апа
«Ало, кандайсыз апа?», деп сүйлөшсө досторум
Көздөн жаш тегеренип, тумандап калат оюм
Атама чалам бирок, атанын орду бөлөк
Байкушум сиздей эле, жакшы көрөт, мээрим төгөт
Сагындым апакебай, жасаган тамагыңды
Жеп алып калчу элем, жаланып бармагымды
Баратам десем апа, тосчу элеңиз уктабай
Даярдап ыссык чайын, май-сүтүн, каймагыңды
Зарлык Камбаралиев — » Апа сиз болгондо… тексти
Датасы: 11.02.2023 Көрүүлөр: 30025
Ото сонун чыгарма болуптур угуп эле Бир ыйлап апамды эстеп, анан кочуруп алдым ыйгилик баарына жагат
Супер
Аябай жакты ото сонун чыгыптыр
Аябай сонун чыгарма экен. Апамды эстеп абдан ыйладым. Апаларыбыздын омуру узун болсун.
С
Жакшы чыгарма болуптур ийгилик Зарлыка угуп алып өзүмдүн кичинекей чагымды эстеп бир ыйлап алдым Апалар аман болсун мен убагында билбей жаштык кылыптырмын Апамды сагындым азыр жанымда болсо жанынан жылбайт элем
Дагы чыгармаларды күтөбүз
Керемет аткаруу үнүнө береке Айябай Жакшы чыгарма экен
Апам бар бирок ыйладым апасв жоктор кантет экен дедим
Бул ыр мага арналгандайго угуп ыйлап атам, балдарым алып койгон кичине балдарым сагынып атышат кыйналып атышат
Журоктон алат экен угуп ыйлай берем