Датасы: 28.06.2024
Формат: mp3

Көзүм түштү чагылгандай,арасына сан миң адамдын

Бир сулууга токтоп калдым,чу дегенде «Сүйүү»жаралдың

Жарып кетчү жүрөгүмдү,дал өзүңө окшош жанардың

Сезимдерим учкун болду

Махабатка туткун болдум

Сүйүү үчүн айла табармын

Кайырма

Сөзүң,сөзүң,сөзүң нават экен

Дагы,дагы кимге жагат экен

Көзүң,Көзүң байлап алат экен

Сүйбөсө экен башкасы менден

Мен өзүңдү элестетем перисиндей ушул ааламдын

Жарашыктуу өң-келбетин,чырайына сүйкүм жамалың

Түйшөлөмүн,табышмаксың, кимге бакыт болуп жаралдың

Бир жагынан жагынышка

Бир жагынан сагынычка

Кызганычка эми таландым

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *