Датасы: 13.01.2026
Формат: mp3

Өмүр өзү салтанат
Жашагандар тамшанат
Балам басса кебирде
Кыйындыкка алып барат

Гүлдөр элең саналган
Бакыт издеп ааламдан
Дүйнөдөгү жакшы нерселер
Адам үчүн жаралган

Кайырма:
Ойно күлүп жалыңда
Жалын жаштык баарында
Түбөлүккө сен менен
Жаштык турбайт жанымда
Ойно күлүп жалыңда
Болбос ишке кайгырба
Бийиктерге чыга бер
Максат коюп алдыңа

Мезгил теңдеш алтынга
Мээнет кылып тартынба
Ийгиликтүү иш жаса
Изиң калсын артыңда

Убакытты пайдалан
Жаштык келбейт кайрадан
Жылмайганды дайым унутпа
Шаңга толсун айлана

Кайырма:
Ойно күлүп жалыңда
Жалын жаштык баарында
Түбөлүккө сен менен
Жаштык турбайт жанымда
Ойно күлүп жалыңда
Болбос ишке кайгырба
Бийиктерге чыга бер
Максат коюп алдыңа





Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *