Автору: Николай Носов

Кыргыз тилине которгон: «ЫКЧАМ» котормо борбору 

Бобканын сонун шымы бар эле. Ал жашыл түстө, тагыраак айтканда, жоокерлердин кийимине окшош болчу. Бобка ал шымын абдан жакшы көрө турган жана аны кийгенде дайым минтип мактанчу:

– Балдар, карагылачы, менин кандай сонун шымым бар! Кадимки жоокердин шымындай!

Бардык балдар ага суктана карашчу. Анткени башка эч кимде андай шым жок эле.

Бир жолу Бобка кашаадан ашып өтөм деп жатып мыкка илинип калды да, ошол сонун шымын жыртып алды.

Жамаачы 2

Ызадан ал ыйлап жиберүүгө аз калды. Анан шашкан бойдон үйүнө барды да, апасынан шымына жамаачы салып берүүнү суранды.

Жамаачы 3

Жыртылган шымды көргөн апасы таарына:

– Сен кашааларды ашып өтүп, шымдарыңды жырта берсең, а мен тигип беришим керекпи?

– Экинчи антпейм, апа, тигип бериңизчи.

– Өзүң тик.

– Мен тиккенди билбейм да?

– Жыртканды билдиңби, тиккенди да үйрөн.

– Анда ушундай деле жүрө берем, – деп апасына нааразы боло эшикке чыгып кетти.

Көчөдөн балдар анын шымындагы жыртыкты көрүшүп, шылдыңдап күлүп калышты.

Жамаачы 4

– Эгер шымың жыртык болсо, сен кандай жоокерсиң?

– Мен апамды тигип бериңиз десем, анын тигип бергиси келбей жатпайбы, – деп актанды Бобка.

– А эмне, жоокерлерге шымын апасы тигип бермек беле? Жоокер деген бардык ишти өзү жасаганды – жамаачы салганды, топчу кадаганды, баарын билиши керек.

Балдардын айтканын укканда Бобка уялып калды. Үйүнө барды да, апасынан ийне, жип жана жашыл кездеменин кесиндисин сурап алды. Жашыл кездеменин кесиндисинен бадыраңдын көлөмүндөй кесик кесип алып, шымына жармаштырып тиге баштады.

Бул иш ал ойлогондон да кыйын болуп чыкты. Анын үстүнө Бобка аябай шашып жаткан, анан колун ийне менен сайып да алды.

– Эмне эле сайгылап жатасың? Эк, жаман десе! – ийнени тилдеген Бобка колун дагы сайып албаш үчүн ийнени учунан кармап саюуга аракет кылып жатты.

Жамаачы 5

Акыры жамаачы да тигилип бүттү. Бирок ал кургаган козу карындай болуп шалбырап калды, а тигилген кездеменин айланасы бырышып, шымдын бир жак багелеги кыска да болуп калыптыр. Шымын айланта караган Бобка:

– Ий-ий, бул эми эмнеге жарайт? – деп кайгырды.

– Эк! Мурдагыдан да жаман болуп калды! Эми кайра башынан тигип чыгыш керек.

Бычакты алып, жамаачыны кайра сөгүп чыкты. Андан кийин жамаачыны түздөп, шымга жабыштырып, сыя калем менен тегерете чийип алды да, кайра жамаачыны шымга жармаштырып тиге баштады. Эми ал шашпастан, этияттык менен тигип, жамаачы сызыктан сыртка чыгып кетпегенин көзөмөлдөп отуруп тикти.

https://kyrgyz-audio.com/zhanduu-shlyapa-zhivaya-shlyapa/

Ал көпкө чейин алек болду, бышылдап, онтоп жатып тигип чыкты, бирок тигип бүткөндөн кийин жамаачыга көз чаптыруу жагымдуу болчу. Ал тегиз, түз жана абдан бекем тигилиптир, тиш менен тартып да жула албайсың.

Ошентип, Бобка шымына жамаачы салып, короого чыкты. Балдар аны айланчыктап карап калышты.

Жамаачы 6

– Азамат! – дешти алар. – Карасаңар, жамаачы калем менен чийилиптир. Өзүң тиккениң дароо эле билинет экен.

А Бобка бардык жагына айланып, баарына көрсөттү да, мындай деди:

– Эх, эми топчу кадаганды да үйрөнүп алсам го. Бир дагы топчум түшпөгөнү өкүнүчтүү! Мейли, эч нерсе эмес. Кайсы бир күнү түшөт, ошондо сөзсүз топчуну өзүм кадайм. 

_______________

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
БУГУ ЭНЕ(«Ак кеме» повестинен үзүндү)99
Алия менен жылкы57
Карышкыр менен эчки43
Карышкыр жана жети улак34
Акылдуу балдар30
Көмөч нан (колобок) жомок28
ЖАЛКОО21
Кыска жана күлкүлүү жомоктор21
Коён менен кирпи20
Акылдуу кыз16

Один комментарий к “Жамаачы”

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *