Датасы: 22.10.2020
Формат: mp3

Ва саляму уа аллейкум
Менин сүйгөн калкым
Эне тилге салыштырган
Барбы жерде алтын
Казалбайсың табалбайсың
Жүрөгүңө каттың
Чалып сүйлөп көнгөнүңдөн
Тилиңди жукарттың
Мен баягы эле жигитмин
Кийип жүргөн маска
Тата Улан менин атым
Турак жай кабатта
Жүрөмүн мен араңарда
Жеңил басып чарчабай
Маршруткадан орун ээлеп
Эң аягын тандамай
Көрүп жүрөм эмне болду
Билип жүрөм эмнеге
Мен кичине кеңеш айтсам
Кек сактаба ичиңе
Өзүң эле билип турган
Айткан нерсе ичимде
Жаңылыкты жаңылыктай
Кабыл алгын кичине
Шамал согуп жатат сага туш туштан
Өтүп кетсек аман эсен бул кыштан
Тэрип берем сага тоодон ышкындан.
Эт жегенден калып кеттиң каршкырдан
Тоонун көркүү салкын жайлоо күн түштүү
Неге мынча Кыргыз элим үшкүрдүү
Санжырасы умтулганы түшүндүү
Маңкурт деген жаңы уруу түптөлдүү
Басып жүрсөң тегеренип балчыкты
Таза жолду издей жүргүн кыр жакты
Көп ишенбе акча күчү жалганчы
Сен алдасаң сени алдайт алдамчы
Не качасың далдалактап карматпай
Ыймандуулук анча эмесго качкандай
Бизди сактайт бул дүйнөдө бир кудай
Жума күнү баш ийип жүр тартынбай
Үзөнгүнү тарткын
Так жасалган кайыштан
Ойлонгонго шартың
Түк келбесе капыстан
Түрүү сүрдүү баатырлары
Кырылбастын балдары
Нечен кылым тамшандырган
Кыргыз элдин тагдыры
Намыстуулар туу көтөрүп
Элин коргоп кагылган
Эли үчүн жери үчүн
Найза төшкө сайылган
Эстеп жүргүн дайыма
Сен кыргыздын баласы
Намыстунун алдында
Айкөлдүктүн атасы
Эсиң жыйгын дардаңдабай
Бөлүнгөндү бөрү жейт
Жети жерден эл тандабай
Баарыбызды Кыргыз дейт
Сабыр болгун чатак ишке
Ля илляхо ил Аллох
Жиниң келсе тилди тиште
Ачуулугуң кызыл чок
Үйлөп үйлөп муздаткының
Кайнап аткан канды
Ыйманыңды бекемдеткин
Тебелебей нанды
Жашоо көрүп мактанасың
Катый элек гемирчек
Өз тилиңди түшүнбөсөң
Түшүналбайм иничек
Чынжыр шыңгырайт
Чапдаар атың кычырайт
Кылыч миизин чайпап
Өттү Кыргыз чайкап
Элэктенип чанда
Каның бардыр чаңда
Кыргыз деген эч үзүлбөйт
Кыргыз деген канда

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *