Датасы: 13.04.2025
Формат: mp3

Аралап шаар ичин басып жүргөн
Андагы ак буурул түн эсиңдеби?
Ойгонуп уйкусунан жымыңдашкан
Оттору Фрунзенин кечиндеги

Убакыт суудай акты унутпадым
Ачылган аппак гүлдөй күлгөнүңдү
Ал түнү айта бердим житине албай
Калтырбай бул дүйнөдөн билгенимди

Үн катпай мени тиктейт бак дарактар
Жүрөктө сагынчыма карашкансыйт
Негедир канаттуулар учуп өтсө
Сезилет сени көздөй бараткансыйт

Издеймин элесиңди көзүмдү албай
Азыр мен амалым жок алыс жакта
Түшүмдө түндө сени жолуктурам
Ыракмат миң мертебе махабатка
Түшүмдө түндө сени жолуктурам
Ыракмат миң мертебе махабатка
Махабатка, махабаткамм

Один комментарий к “Жанар Туратова — Унутпадым тексти”

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *