Беш жашар Мадар кийинердин алдында апасынан сурай берчү экен:
– Апа-ов, бу дагы агамдын кийимиби?
– Ооба, каралдым. Карачы, бу көйнөк да жапжаңысы. Жаңы көйнөктү сен чоңойгондо сатып берем.
Ошол күнү апасы аны щи[1] ичмекке колунан жетелеп жөнөйт. Жолдон татынакай келини менен бараткан байбичеге жолугуп калышат. Беш жашар Мадар жаш келинден көзүн алалбай жактырып калат. Аны байкаган байбиче баланын башынан сылап айтып турганы:
– Апаң сага эртең эле так ушундай ажарлуу колукту издеп баштайт.
Буга Мадардын апасы күлөт:
– Ой, коюңузчу, бул али мадыра баш эмеспи. Үйдө мындан улуусу бар, колуктуну мен ошого издебейминби.
Кайра үйгө кайтып келатканда Мадар апасынан сурайт дейт:
– Апаке-ов, эртең акемди үйлөнтсөңөр, анын жаңы кийимдеринин баарын мага бересиңер да э?
Топ 10 популярдуу жомок
Ырдын аты | Like саны |
---|---|
Жетим бала | 408 |
УБАДАГА БЕК ЖИГИТ | 367 |
Акылдуу кыз | 275 |
Чамгыр жомок | 151 |
Атадан калган туяк (аңгемеден үзунду) | 139 |
Чолпон | 124 |
Көмөч нан (колобок) жомок | 120 |
Жагалым | 113 |
Эненин журогу | 101 |
ЖАЛКОО | 99 |