Датасы: 24.01.2026
Формат: mp3

Ак сүйүүнүн тургузуп чебин чебин
Алыстан биз келипбиз алып келип
Ак тилектен айтаарым эй досторум
Каалайлы эки жашка тунук сезим

Баш кошушту эки жаш бүгүн бүгүн
Баарыбыз да жайдары назик көңүл
Бийлеп ырдап жатканда эй досторум
Каалайлы эки жашка узун өмүр

Кызыктуура өткөрүп тойду тойду
Куралычы биз бүгүн оюн зоокту
Кана эмесе досторум биз чогулуп
Каалайлы эки жашка ден соолукту

Чогулушсак биз дагы кандай кандай
Чогу өткөрүп тойлордон дагы далай
Чын жүрөктөн айтаарым эй досторум
Каалайлы эки жашка бакыт-таалай




Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *