Бир жолу үч эже-сиңди токойго кулпунай тергени барып адашып кетишет. Алар түнт токойду аралап жүрүп отуруп бир жыгач үйгө келишет. Бул үй Вувер-кува аттуу жезкемпирдин үйү болчу. Кыздар аны билбестен ичине кирип, чарчагандыктан уктап кетишет. Ушул учурда Вувер-кува келип аларды кармап алат да, караңгы бөлмөгө камап коёт.

Ал кыздарды семиртип жемей болуп, жалаң жаңгак берип бага баштайт. Корккондорунан семирбей койбосун деп кыздарга жакшы мамиле кылып, күн сайын аларды эркелетип, эт алганын билиш үчүн дене-бойлорунан кармалап көрүп турат.

Жезкемпирдин бул камкордугуна эч жаман ойсуз ишенген кыздардын улуусу менен ортончусу аны чоң эне катары көрүп, акырындан семире башташат, ал эми Вувер-куванын арам максатынан шек алган кенже кыз семирбей, абдан сак жүрөт. Ал тешиктен шыкаалап, бул жезкемпир токойдон кармап келген курмандыктарын чоң калакка салып, анан түртүп барып жалындап оту күйүп жаткан мешине салып бышырып жегенин көрөт.

Ошентип күндөр өтүп, улуу менен ортончу эселек кыз абдан семиришет, ал эми эки жакка абай салып баарын байкап жүргөн кенже кыз арык бойдон калат. Анын баары бир семирбесине көзү жеткен жезкемпир кыздарды жей турган учуру келгенин түшүнөт. Ал бир күнү мешке отту улуу жаккан соң кыздарды караңгы бөлмөдөн чыгарып, алар менен ойной баштайт. Бир маалда жезкемпир:

— Келгиле кыздарым, калакка түшкүлө, мен силерди ары-бери сүйрөп ойнотоюн, — дейт.

Эки улуу кыз буга дароо макул болуп калакка түшмөй болушат. Бирок кенже кыз каршы чыгып:

— Чоң эне, сиз биринчи түшүңүз калакка, биз биринчи сүйрөп ойнотолу, — дейт.

Жезкемпир кыздар шекшип калбасын деп аргасыз макул болот. Ошентип үч кыз Вувер-куваны калакка салып ары-бери сүйрөп ойнотуп жүрүшүп, оту жалындап күйүп жаткан мештин оозуна жакын келгенде кенже кыз жезкемпирди отко түртүп жиберет. Жакшы көрүп калган чоң энени өлтүргөнү үчүн эки аңкоо кыз сиңдисин урушат, кенже кыз болсо кемпирдин арам оюн айтып, үйдүн үчүнчү бөлмөсүнүн эшигин ачканда – ал жактан арбайган-тарбайган адам сөөктөрү көрүнөт.

Ошондо гана бир өлүмдөн калганын түшүнгөн улуу кыздар өз аңкоолуктарын моюнга алып, эстүү сиңдисин ортого жетелеп, бул жерден качып жөнөшүп, көп издеп жүрүп үйүн табышып, жыргап-куунап жашап калышат.

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
Алия менен жылкы67
Акылдуу кыз жомок33
Кыска жана күлкүлүү жомоктор32
Акылдуу балдар29
Көмөч нан (колобок) жомок28
Кырк калп жомок26
Жылдын төрт мезгили жөнүндө болумуш17
Коён менен кирпи17
ЖАЛКОО16
Карышкыр менен эчки16

Один комментарий к “Жезкемпир жана кыздар”

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *