Илгерки өткөн заманда ак көңүл, берешен, боорукер чал-кемпир жашаптыр. Экөө тең бала көзүнөн учуп жүрүп, далай жашка барган кезде уулдуу болушат. Карыганда көрдүк деп атын Картайган коюшат. Баласы ата-эненин ишенимин актап, кенедей кезинен тартып эмгекчил, сылык-сыпаа өсөт.

– Улуудан уялып, кичүүдөн ийменет, – дешип, айылдагылар баланы абдан жакшы көрүшөт.

Картайган жыл өткөн сайын эр жетип, күчкө кирип, ата-энесинин жүгүн азайтат, алардын колуна кол, бутуна бут болот. Атасы тобосун жазбай баласына аябай сыймыктанат. Турмуштары абдан оңолот.

Ал жазында жарышып эгин айдап, аны жакшылап багат. Күзүндө мээнети кайтып, мол түшүм алат. Кышында ак эмгектин убайын көрүп, аштыктын молчулугу үй-бүлөнү кубантат. Жаз келери менен Картайган баягыдай эмгегин улайт. Жылдан жылга такшалып, баба дыйкан аталат. Картайгандын арпа, буудайы баш алып калган кезинде кырсык болуп, атасы катуу ооруп калса болобу? Баш көтөрбөй жатып калып, үй-бүлөнү абдан капага салат. Чалдын денесине жыбыраган майда курттар пайда болот. Биринен бири чоңоюп, курттар анын денесин жей баштайт.

Чал ооруга чыдабай бир күнү капага терең малынып, көз жашын төгөт. Айла таппай тунжурайт. Бечара чал кудайга мунажат кылып, өзү менен өзү сүйлөшүп, чарчаган кезде уктап кетет. Бир кызык түш көрөт. Сакалы белине жеткен салабаттуу карыя мындай дейт:

– Сен кечке ыйлай бербей башыңы көтөрүп, өөдө тур, жаныңды кыйнаган курттарды короодогу тыттын дарагына коё бер. Алар сөзсүз жабышып кетет. Өзүң арчанын түбүнөн жыбылжып аккан булакка кирингин, – дейт.

Чал уйкудан ойгонуп, эки жагын караса жанында эч ким жок. Ал тышка чыгып, түшүндө чал айтканды жасайт. Жалгыз түп тыттын жалбырактары шамалга ыргалып турганын көрөт.

Чал колуна бир куртту алып, тытка жабыштырат. Өзү тытка жакындай бергенде денесиндеги курттар биринин артынан бири тытка жармаша баштайт. Алар жалбырактарды шабыратып жейт. Чал булакка барып бети-колун жууйт. Бетиндеги бырыштар ошол замат кетет. Анан булакка чечинип киринет. Кадимкидей күч, кубат пайда болуп, көңүлү ачылат.

Чал үчүнчү жолу жуунганда жигит болуп чыга келет. Чал үйүнө кирген кезде аялы аны тааныбай калат. Абышка көргөн түшүн төкпөй-чачпай айтып туруп:

– Сен да барып жуунуп келгин, – деп кемпирине кеңеш берет.

Аялы барып эки-үч жолу жуунгандан кийин мөлтүрөгөн жаш келин болот. Баласы ата-энесин тааныбай, далайга тиктеп турат. Картайганга баарын түшүндүргөн соң, бала аябай кубанат.

Картайган короодогу тыт жыгачты барып карайт. Анын бутактарында кичинекей жумурткага окшогон аппак нерселер турганын көрөт. Бул эмнеси деп көпкө ойлонот.

Анын ичин акырын жарып караса, жылтыраган ичке жипчелерди көрөт. Баарысын чогултуп туруп апасына берет. Ал жип ийрип, кездеме токуй баштайт. Анын пайдалуу экенин билишип, сурап алышат. Анан акырындык менен тыт дарагын өстүргөнгө көңүл буруп калат.

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
Алия менен жылкы39
Акылдуу кыз жомок35
Кыска жана күлкүлүү жомоктор33
Акылдуу балдар30
Кырк калп жомок25
Көмөч нан (колобок) жомок23
Карышкыр жана жети улак18
Карышкыр менен эчки18
Коён менен кирпи18
Жылдын төрт мезгили жөнүндө болумуш17

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *