Датасы: 27.12.2024
Формат: mp3

Туулган жерим асыл турагым
Сезимимде өчпөс чырагым
Симфония болсоң сен эгер
Нота болуп сага турамын

Кереметтүү күүлөр куюлуп
Кулагымда турат угулуп
Туулган жерим сенде турбайбы
Айтып бүткүс кооз сулуулук

Түшкө кирсе күлгүн жамалың
Жүз көрүшүп тунуп каламын
А сен болсо бүтпөс чөң дастан
Бар болгону мен бир сабагың

Обон салган талаа жаңыртып
Кайрыктары миңбир кыялдын
Дептер болсоң сансыз барактуу
Из калтырар мен бир сыяңмын

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *