Жоогазын

06.05.2020 84
Жоогазын
Жоогазын 1

Жаратылыш жапжашыл,
Көңүлүңдү көтөрөт.
Жаз мезгилде айлана
Кооздукка бөлөнөт.
Жоогазындар жадырап,
Баары тегиз гүлдөптүр.
Сулуулук берип тоолорго,
Айлананы түрдөптүр.
Таазим кылып ийилип,
Жыттап көрдүм акырын.

Кандай кооз гүлдөр ‒ деп,
Жакшы көрдүм баарысын.
Үзгөнүм жок бир дагы,
Соолуп калат себеби.
Гүлдөп турса ар дайым
Бизге тиет кереги.

Тентек балдар шоктонуп,
Тепсеп, үзүп салбасын.
Жоогазындай көп гүлдөр,
Көпкө чейин жашасын.