Жөргөмүш менен түлкү

Жөргөмүш бир күнү ээн талаага ууга чыкты. Окчонтоюн окко толтуруп алган. Окту эмнеден жасамак эле ал, чөп-чардан да. Алдынан Түлкүгө кабылды.

– Ийе, Түлкү тууганым кандайсың? – деди Жөргөмүш, – Тирлигиң кантип атат?

– Кайдагы Түлкү болмок элем, – деди күңкүлдөп тиги, – кечээ Бизонго[1] бир жылдан бери эчтемке жебей ачкамын десем, кээде чөп-чар деле жеп тур деп мени да Бизонго айлантып салды.

– Мына де, бир жылдан бери ачка болуп, – жандана түштү Жөргөмүш. – Э айланып кетейин, Түкөш, анда мени да Бизонго айлантып салчы. Чөп-чар менен жансактап турганга.

– Айлантса айлантып салам, – деди Түлкү. – Бизондон көрүп алдым аны. Сен тетиги дөңсөгө чыгасың, а мен чуркап келип үстүңөн секирип өтөм.

Жөргөмүн тигинин айтканын кылмак болду. Дөңгө чыкты. Караса, Түлкү кулактарын жапырып, буттары үзүлгөнчө жүгүрүп келатат. Муну көргөн Жөргөмүштүн жүрөгү шуу дейт түштү да, ордунан ойт берди.

– Йе, коркок десе, – Түлкү нааразы болду, – сени мындай суу жүрөк деп ойлогон эмесмин. Минтсең Бизон боло албайсың сен.

– Кел анда, кайра дагы, – деди Жөргөмүш.

Мына анан Түлкү жүгүрүп келип Жөргөмүштүн үстүнөн секирди. Ушунчалык катуу күү менен келген экен, оңкочук-тоңкочук атып далайга барды.

Анан да Жөргөмүштү Бизонго айлантканды кой, өзү кайра Түлкүгө айланып калса болобу. Муну көргөн Жөргөмүш боору эзилгенче күлүп, жыгылып калайын деди. А уялган Түлкү кирерге жер таппай, талааны беттеген бойдон зуу койду.

Ошондуктан, колуңдан кокон келбесе – койкоңдобо деген ушу тура.

  •  
  •  
  •  
  •  
  •  
  •  
  •  

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.