Бир кембагал жигит Стамбулда жүкчүлөр жакшы иштеп табышарын угуп, ал жакка барып иштемей болот. Бул максаты орундалган соң жүк ташып аянбай иштеген ал чынында эле жакшы таба баштайт. Ошентип бир топ убакыт өтүп ал жүз дукат акча  чогултат. Анткен менен кара жумуштан каржалып тажай баштаган ал бир күнү минтип ойлонот: “Жүз дукат жаман акча эмес.

Ага товар алып айылыма барсам соода кылып кете алам. Кыйынчылыксыз акча табууга шарт түзүлүп турганда бирөөлөрдүн жүгүн ташып, кабыргамды кайыштырып эмне кылам? Болду, жол киреге акча иштеп тапсам эле үйгө кайтам. Бирок азап менен тапкан мобул акчамды жаныма салып жүрө берсем бир күнү чөнтөкчүгө кактырам же каракчыларга алдырам.

Ошон үчүн бирөөгө каттыра турушум керек”. Ушундай чечимге келгени менен ал чогулткан акчасын кимге каттырарды билбей башы катып жүрүп, бир күнү базарда чоң дүкөнү бар такыба чалыш кожого токтолот.

Ошентип өз өтүнүчүн айтып кожого кайрылып, бул үчүн төлөп да берерин айтат. Кожо адамдарга жакшылык кылуу өзү үчүн чоң рахат экенин айтып, бул үчүн акы албай турганын билдирип, жүкчүнүн акчасын сактап бермей болуп алып калат.

Жүкчү бир топ күн иштеп жол киреге акча чогултканынан кийин кожого келип акчасын сурап турат.

— Кайсы акчаны айтасың? Сен мага акча берген эмессиң! – дейт кожо оозу мурду кыйшайбай.

— Мен сизге жүз дукатымды сактап бериңиз деп калтырбадым беле, — жүкчү акчаны кайсы күнү бергенинен бери тактап айтат.

— Кайсы жүз дукатты айтасың! Сен эмне мени жалган жерден доого жыкканы турасыңбы! – кожо жүкчүнү дүкөнүнөн кууп чыгат.

Ошентип азап менен тапкан акчасын бир заматта алдатып жибергенине ызаланып көчө бурчунда ыйлап турса, базардан алган азык-түлүктөрүн дайыма үйүнө жеткиртчү тааныш ханум өтүп баратып эмне болгонун сурайт. Жүкчү болгонун болгондой айтып бергенде ханум ойлоно түшүп мындай дейт:

— Мен сага акчаңды кайтарып алууңа жардам берем. Мындай кылалы, азыр ал ыймансыз кожонун дүкөнүнө киргенимден кийин, бир аз күтө түшүп артымдан сен да кирип, сактоого калтырган жүз дукат акчаңды тартынбастан сура. Андан аркысын дагы көрө жатарбыз.

Ханум дүкөнгө кирип учурашары менен эле өзүнүн келген себебин айта баштады:

— Оо кожо, мен сиздин жакшы адам экениңизди угуп жүрөм. Ошон үчүн да Кудай сизди колдоп жүрсө керек. Сизге башыма кыйынчылык түшкөндө айла жоктон кайрылып жатам. Мен бир бай соодагердин токолу элем. Кара көзүмдү кашайтып ал жакында эле бул дүйнөдөн өтүп кетти. Мага андан көп баалуу мүлк жана беш миңдей дукат акча калган. Бирок ал өлгөндөн кийин толтура мураскорлору чыгып, бүт мүлктөрүмдү алып коюшту, эми беш миң дукатымды да билип калышкан экен, тартып алганы турушат. Мен сизге ошол акчамды эртең алып келейин, бир аз убакытка сактап бериңиз. Анын акысын кийин аласыз.

— Ханум, мен андай кызматтарды көп эле кишилерге бекер көрсөтүп жүрөм, камсанабай эле акчаңызды алып келе бериңиз, — деп кожо ичинен кымыңдап, сыртынан жакшы кишинин кебетесин көргөзө баштаганда тыштан жүкчү кирип келип, сактоого калтырган акчасын сурады эле, кожо дароо жүз дукат сууруп чыгып кармата салды. Ал тургай жүкчү сунуштаган сактоо акысынан баш тартып, сылык узатып койду.

Ханумга ушул эле керек болчу, андыктан ал дагы бир жолу беш миң дукатын сактап берүүсүн өтүнүп, эртеси келерин убадалап дүкөндөн чыга жөнөдү. Кожо ханумду эки күн күтүп, келбегенинде алданганын түшүнүп, тимеле өз акчасын алдыргансып кайгыга батып, жанын койорго жай таппай ары-бери баса берди. Акыры дүкөнүн эрте эле жаап, үйүнө келгенде анын ички муңун угуп аялы мындай деди:

— Ошол маңыроо жүкчүдөн жүз дукатты өндүрө албай эмне болуптурбуз, мага уруксат берсең, анан кийин урушпагыдай болсоң, эртең эле ал акча колуңда болот.

Аялы өзүнөн өткөн куу экенин билген кожо ага уруксат берип, эртеси жүкчүнү көрсөтүп коймой болду. Ошентип таң атпай турган кожо аялын ээрчитип базарга келип, алыстан эле ага жүкчүнү көргөздү. Алдын ала ойлонуп койгон аял буйдалып турбастан, түз эле жетип барып, жүкчүнү жакадан алып, кыйкыра баштады:

—  Эл жу-урт! Мына бул менин күйөм эки жыл мурун эки балам менен мени багуусуз таштап качып кеткен! Балдарыма жардам өндүргөнүмө көмөктөшүп койгула!

— Мобул аял эмне деп атат! Мен буга күйөө болмок тургай тааныбайм дагы. Эч качан эч бир аялга үйлөнбөсөм каяктан балалуу болмок элем! — деп күйүп-бышып жиберди эле жүкчүгө эч ким ишенген жок, аял болсо ого бетер албууттанды:

— Эгер сен мени баккың келбесе баскының казыга, ажырашабыз!

— Сенин күйөң болбосом эмнеге бармак элем казыга. Сен жөн гана качып кеткен күйөңө мени окшоштуруп жаңылып жатат окшойсуң.

— Кантип тааныбай калайын! Сен менин күйөмсүң! Канчадан бери издеп жүрүп эми таап отурам.

Бул ызы-чууга базардын кароолчулары жетип келишип, базар ортосунда урушуп, соодага жолтоо болгон экөөнү жасоолдорго тапшырышты, алар болсо жүкчүнү алдыларына салып айдап, аялды ээрчитип казыга келишти. Анын сурагына кабылган экөө жанагы эле сөздөрүн кайталашты. Бирок казы аялга ишенип, жүкчүгө ишенбегендиктен ошол эле жерден аялдын арызын канааттандырып, экөөнү ажыраштырып, эки баласын эки жылдан бери бакпай качып жүргөнү үчүн айыпталуучудан эки жүз дукат төлөтүү чечимин чыгарды.

Жасоолдор ошол жерден анын чөнтөктөрүн тинтип эч нерсе табышпады. Анткени жүкчү болгон акчасын алиги өзүнө жардам берген ханумга сактатып койгон эле. Аялга эч нерсе төлөй албаса кара жумушка кесилип, эки жүз дукат иштеп тапкыча камакта болорун уккан жүкчү болгон акчасын берип, жетпегенин ханумдан карыздай туруу чечимине келип, казыга акчага барып келиши керектигин айтты эле, ал бир жасоолду жанына кошуп берип жөнөттү.

Жүкчү ханумга келип болгон ишти болгондой айтып берди, ал дароо эле бул алиги кожонун уюштуруп жаткан кутуму экенин түшүнүп:

— Ме сага үч жүз дукат. Эки жүзүн аялга кармат, жүзүн казыга берип, аялдын эки баласын өзүңө жаздырып, аларды багууну да өзүңө тапшыруу чечимин чыгартып кел, андан аркысын дагы көрө жатарбыз, — деп казыга жүз дукат параны кантип берүүнүн жолун айтып берди.

Ошондон эки саат өтпөй ханумдун айтканын айткандай аткарган жүкчү жасоолдордун жардамы менен кожонун эки баласын алып ханумдукуна кайтып келди.

Эки баласынан – өздөрүнүн ач көздүгүнөн улам көз көрүнөө айрылганы калган кожо менен аялы алардын артынан ээрчий келишип, жүкчү менен ханумдан кечирим сурап, балдарын кайрып берүүлөрүн өтүнүп турушту. Бул окуядан жакшылап сабак алып, байкуштарды экинчи алдабай жүрсүн деген максатта ханум кожодон эки жарым миң дукат талап кылды. Айласы кеткен кожо бул акчаны жүкчүгө алып келип бергенде, өмүрүндө мынчалык көп акча көрбөгөн ал чок кармагандай чочуп, дароо эле ханумга бере салды. Ханум андан өзүнө тиешелүү эки жүз дукатын алды да, калганын жүкчүгө кайрып берип:

— Бул акча сага тиешелүү. Мага ашык тыйындын кереги жок. Андан көрө кожо дагы бир жамандык жасап жибере элегинде шаардан чыгып кет, менден болсо кам санаба, анткени коргоочуларым бар, — деди.

Жүкчү ошол эле күнү базардан жараган ат сатып алып, үйүнө кайтты.

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
БУГУ ЭНЕ(«Ак кеме» повестинен үзүндү)52
Алия менен жылкы42
Карышкыр менен эчки42
Кыска жана күлкүлүү жомоктор35
Акылдуу кыз жомок33
Акылдуу балдар24
Карышкыр жана жети улак23
Көмөч нан (колобок) жомок22
Нооруз жөнүндө жомок22
Кырк калп жомок21

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *