Сагындым жаным, сагындым,
Сапарда жүрүп кабылдым,
Аттанып алыс кетерде,
Аттиң (ай) неге таарындым,
Жалооруп жашың имерип (эй).

Кетээрде үйдөн аттанып,
Колтуктап атка аткарып.
Көңүлдүн черин жазгансың,
Көзүңдөн күлүп шаттанып.
Кош бол деп тике айта албай,
Калганын эсте апкаарып.

Көздөрүң бышкан жүзүмдөй,
Көңүлдөн дайым үзүлбө.
Кайталап карай бергемин,
Катылган сырды түшүнбөй,
Сезимдин далай учкуну,
Сенде (бир) калган бүтүндөй.

Телмирүүң жүрөк арбады,
Тиктөөдөн моокум канбады.
Таалайың мага көрүнгөн,
Таң Чолпон сымал таңдагы.
Тилектер бир күн кошулаар,
Тагдырдын болуп жардамы.

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *