Датасы: 30.08.2020
Формат: mp3

Кимге байлык берилсе, берешен болсо экен,
Бөлүшсө жакырларга, карыны тойсо экен.
Жоомарттык бийик сапат, жалпысы жактырган,
Сараңдык жерде калсын, жалпысы жат кылган.
Кимге мансап берилсе, адилеттүү болсо,
Аткарган иш эмгеги, акыбеттүү болсо.
Уруулук кыянаттык жат болуп жанына,
Аманат алар үчүн касиеттүү болсо
Кимге күч кубат берсе, жөнөкөй болсо экен,
Ийилип турса дайым, купулуң толсо экен.
Текебер болсоң пендем, эч кимге жакпайсың,
Жупунулук менен гана баркыңды сактайсың
Жеримде бейпил, тынчтык, береке, кут болсун,
Элимде уят, намыс, каниет, бүт болсун.
Кылымдар бою кыргыз өлкөсү бар болсун,
Кыйын кезеңде сага Кудайым жар болсун.

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *