Датасы: 08.09.2020
Формат: mp3

Асылым, үшкүрүнүп кыйнабачы,
Алданып үмүтүмө ыйлабачы.
Жамандап жазыгы жок бир пендени.
Жанар тоо атылгандай кыйрабачы.
Кайырма:
Эми сен саргайгансып санаа тартып издебечи,
Эми сен зарлангансып заарың чача тиктебечи.
Куш болуп боосун тытып учуп кеткен,
Көзүмдөн махабатты издебечи.
Издебечи!
Асылым, неге мынча үшкүрүндүң?
Сүйүүнүн кайгысыбы үшкүрүгүң?
Жалынба, жалдыраба, кайра-кайра.
Алданбайм алданбаймын, жаным сага.
Кайырма:
Эми сен саргайгансып санаа тартып издебечи,
Эми сен зарлангансып заарың чача тиктебечи.
Куш болуп боосун тытып учуп кеткен,
Көзүмдөн махабатты издебечи.
Издебечи!

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *