Капыстан кезиктиң сен
Тагдыр бул кезиктирген
Жүрөккө салдың го сен
Таптаза сезим деген
Төгүлгөн кирпиктериң
Төп келген периштесиң
Тамшанып турам сага
Таптаза сезим менен
Кайырма:
Мен сени сүйөм
Чырайың келишкен
Чырмадың сен мени
Сыйкыр күч менен
Мени сени сүйөм
Айдагы перисиң
Жүрөктү эзесиң
Сени аны билсең
Күлгөнүң шыңгыр үнүң
Кумарлуу сулуу жүзүң
Кучактап сүйсөм сени
Керемет бактым бүгүн
Маралдай керилесиң
Мас боло сени сүйдүм
Миң жылда бир жаралчуу
Мүрөксүң жүрөгүмдүн