Айтып бүткүс жер сууларын,
Кереметсиң Кыргызстаным!
Өмүр таңым, киндик каным,
Ата-журтум, Кыргызстаным!
Мекенимди, эл-жеримди,
Коргоп алаар жоокериңмин!
Эч бир жерге алмашпасым,
Сүйүп тойбойм Кыргызстаным!
Зоолоруңду тоолоруңду,
Коргоп алаар жасоолуңмун!
Мекенимди, эл-жеримди,
Коргоп алаар жоокериңмин!
Кызматым эл үчүн,
Ала-Тоо жер үчүн,
Төрөлгөм мекен үчүн
Баатырыңмын кайтпасыңмын
Сактай алаар сарбазыңмын
Мекенимди эл жеримди
Коргой алаар жоокериңмин
Коргой алаар аскериңмин