Датасы: 17.10.2026
Формат: mp3

Аткаруучу: Solto

Күндө сени көрөм
Түнүмдө да түшүмдө
Зар кылдың жылдыздуу, жаркыган күлкүңө
Мас болдум шыңгыраган мукам үнүңө
Сактап койгом жаным
Cени жүрөгүмдүн түбүнө
Билем, сүйүп жетпейм
Өзүңдү эстеп дегдейм
Мен сени сүйөм, бирок сага жок дегенде жагамбы, аны билбейм Айланчыктап кетпейм
Мүнөзүмдү чектейм
Сагынам өзүңдү, сүрөтүңдү көкүрөккө кысып эстейм

Кайырма:
Жүрөгүм, менин жаным
Аткан ар бир таңым
Арнайм сага баарын
Сен менен башкамын
Жалгызым, менин жаным
Жарашкан адамым
Арнайм сага баарын
Сүйөм сени дайым

Курчап турсаң жан дүйнөмдү
Күлпүрүп күндө эркелесең
«Балдарымдын апасы» дегенимде
Жубайым болуп алга жетелесең
Жарыкка бөлөйсүң жан дүйнөмдү
Даярмын сунууга сан гүлдөрдү
Өзүңө кезиккен мезгилим эсимде
Сактадым, өчүрбөйм ал күндөрдү
Айланчыктап кетпейм
Мүнөзүмдү чектейм
Сагынсам өзүңдү, жылмайып сүйүп эстейм

Кайырма:
Жүрөгүм, менин жаным
Аткан ар бир таңым
Арнайм сага баарын
Сен менен башкамын
Жалгызым, менин жаным
Жарашкан адамым
Арнайм сага баарын
Сүйөм сени дайым

YouTube булагы

Эгер сиз бул материалдын укук ээси болсоңуз жана өчүрүүнү кааласаңыз, бул баракча аркылуу байланышыңыз.

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *