Датасы: 13.09.2020
Формат: mp3

Эшик ачык какпай конгуроо,
Ээ, салам айтып келди отуз беш.
Тубөлүккө эми коштоштум,
Отуз төртүм эми кайыр кош.

Сүйүнсөң деле күйүнсөң деле,
Өтөөр экен бул турмуш.
Ыйласаң деле жыргасаң деле,
Өтөөр экен бул турмуш.

Убакыттын алып эсебин,
Ээ, ар бир адам сезип туябы.
Берекесин ар бир күнүмдүн,
Берсе экен деп тилейм Кудайым.

Ойносоң деле ойлонсоң деле,
Өтөөр экен бул турмуш.
Уктасаң деле чуркасаң деле,
Өтөөр экен бул турмуш.

Ден-соолуктан айырба,
Шүгүр кылып баарына.
Максат коюп жашап алдыга.
Ээ, бир тууганым келчи деп,
Сүйлөшөлү жалан жакшы кеп.
Канча жашоо калды ким билет.

Сагынсан деле табышсан деле,
Өтөөр экен бул турмуш.
Сүйүшсөң деле күтүшсөң деле,
Өтөөр экен бул турмуш.

Ден-соолуктан айырба,
Шугур кылып баарына.
Максат коюп жашап алдыга.
Ээ, бир тууганым келчи деп,
Суйлошолу жалан жакшы кеп.
Канча жашоо калды ким билет.

Один комментарий к “Гүлжигит Сатыбеков — Отуз беш тексти”

  1. Мага Бут ыры жагат Гулжигит Сатыбековдун ырлары турмуштан алынган ырлары Бали жакшы

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *