Цыган кыздын апасы өлүп калып, ал апасын ойлогон сайын буркурап боздойт. Бир мерте аны тай эжеси щавель терип келүүгө токойго жөнөтөт.

Кыз жолдо баратып, апасын эстеп ыйлайт:

– Жаным апа, сенсиз кантип жашайм? Кантип?..

Күтүүсүздөн бирөөнүн колу ийинине тийгендей болот арттан. Кылчайып, жүрөгү шуу дейт. Маңдайында сакалы аппак, көйнөгү узун, белин кендир жипке жууп алган зор денелүү карыя турат. Анын колдорун түктүү жүн басып кетиптир. Карыя кызга айтат:

– Коркпо менден. Ыйлаба. Апаңдын жанын кыйнайсың. Сенин ыйыңды басууга, мынабул ташты берем. Жөн таш эмес бул, сыйкырдуу таш. Муну тиктеп турсаң, кайгың дароо унутулат.

Кыз тызылдаган бойдон үйүнө качып жөнөйт. Буту үзүлгөнчө жүгүрүп баратып кулап, уктап калат. Үч күн былк этпей уктайт. Төртүнчү күнү ойгонсо – эсинде эч нерсе жок. Уучун ачса, алаканында бир укмуштуу жылмакай таш бар экен, жарыкка да кубулуп турма. Аны көргөн кыз кайгы-муңдун баарын ошол замат унутчу болуптур.

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
Алия менен жылкы87
БУГУ ЭНЕ(«Ак кеме» повестинен үзүндү)72
Кыска жана күлкүлүү жомоктор30
Жакшылык кылуу - Жакшылык тууралуу жомок29
Акылдуу балдар23
Акылдуу кыз жомок20
Атанын осуяты жомок16
Жаңы жылга даярдык16
Ишенимдүү болуу - Мышык менен күчүктүн достугу15
Ала-Тоо ‒ Ата Журтубуз14

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *