Балуба уруусунун жомогу

Бир күнү капумбу бардык айбандардын ортосунда туруп алып:

– Силердин араңарда мендей тамак жей алганыңар барбы? Тамак жегенден мага жеткениңер жок,  – деп мактанды.

Анда арстан тура калды:

– Мени менен мелдешип көрчү!

Экөө жей башташты. Көпкө чейин жешти. Аягында арстан чыдабай четке чыга келди да жеңилгенин мойнуна алды, а калумбу болсо дагы эле жеп жатат.  Леопард тура калды:

– Сени мен жеңем! Бирок леопард да ага теңеле алган жок. Ким калумбудан көп жейм дегендин баарынын жолу болбой, эч ким андан аша албады. Бардык чоң айбандар жеңилип беришти. Капумбу дардайып алдыга чыкканда,  теке да ордунан козголду.

– Капумбу мырза! Мен аракет кылып көрсөм болобу? Балким мен утуп кетээрмин!

– Мейли, эмнеге болбосун, – деп жооп берди  Капумбу, – сенден чоң айбандар   ута албады, сен бул кебетең менен кайда барат экенсиң?!

Эми экөө мелдешти баштады. Түш болду, теке  токтобой эле чайнап, кепшеп жатат. Кеч кирип баратат, теке дагы эле кепшейт.

Түн да кирди. Үйгө кайтууга убакыт жетти. Айбандар айтышты:

– Талашыңарды эртең уланткыла, укташ керек. Экөөң тиги үңкүргө барып жатып алгыла да, эс алгыла.

Капумбу менен теке уктамак болду. Түн ичинде текенин кытыратып бирдеме чайнаганынан улам капумбу ойгонуп кетти. А үңкүрдө таш, топурактан башка эмне бар? Капумбу чындап коркуп кетти: «Бул жигит ташты чайнап жатат, балким мени да азууларымды  кошуп жеп  салчу түрү бар го?!» Үңкүрдөн акырын чыгып, текеден алысыраак жатып уктап калды.

Эртең менен айбандар жыйналып келишти. Капумбуну көрүп таң калышты:

– Бул жерде эмне жатасың? Эмне, үңкүрдө сага жакпай калдыбы?

Капумбу жооп берди:

– Түндө ойгонуп кетсем, теке бирдеме чайнап жатат. Эмне чайнап жатасың деп сурасам, ташты дейт. Кой дедим, ташты чайнап жатса мени азууларым менен кошо жеп койчу түрү бар. Анан үңкүрдөн чыгып кеттим.

Айбандар  каткырып күлүштү.

– Баарыбыздан аштың эле, ушул кенедей текеден жеңилип калдың. Эми сени азуулуу капумбу дебейбиз! Сен эми жөн эле пил болосуң. А сенин ысмыңды текеге ыйгарабыз. Эми ал капумбу-теке аталат.

Мелдеш ушуну менен аяктап, айбандар үй-үйлөрүнө тарап кетишти.

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
Алия менен жылкы65
Акылдуу кыз жомок47
Жакшылык кылуу - Жакшылык тууралуу жомок32
Коён менен кирпи25
Көмөч нан (колобок) жомок25
ЖАЛКОО24
Акылдуу балдар20
Бакыт-таалай каякта?19
Акылдуу кыз18
Кырк калп жомок15

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *