Укканыбызга караганда жаңгактын кабыгы, бир тоголок катыган талкан жана чымын дос болуптур. Бир күнү алар саякатка чыгып, бир топ жол жүрүшкөн соң алдыларынан аккан суу чыгат. Аркы өйүзгө өткөндөн башка арга жок эле, андыктан эки досуна караганда жүрөктүүрөк жаңгак кабыгы:

— Өзүм биринчи өтөйүн! – деп сууга секирери менен катуу агым аны аласалдыра алып жөнөйт.

Досун куткарыш үчүн катыган талкан артынан секиргенде дароо эле эзилип, түшкөн жери агара түшкөнү болбосо, дайынсыз кетет. Ал эми үчүнчү дос – чымын наркы өйүзгө оңой эле учуп өтүп, бул экөөнүн жоругуна боору каткыча ушунчалык катуу дыңылдап күлдү эле, жээктеги чөп арасында уктап жаткан бака ойгонуп кетип, уйкусун бузган бул макоону узун тилине шып эттире илип, лак эттире жутуп койду.

Кабыкча чечкиндүү, талкан доско күйүмдүү боло албаган, дос болумуш этип арамзааланган, бирөөнүн кырсыгына күлгөн чымынга чала болду!

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
БУГУ ЭНЕ(«Ак кеме» повестинен үзүндү)50
Акылдуу кыз жомок19
Суйуу жөнүндө жомок14
Алия менен жылкы13
Жетим менен сыйкырчы жомок13
МАНСАПКОР КҮЧҮК10
Акыл карачач9
АПЕНДИ ЖАНА ЭШЕК6
Жарык жол5
Казан куйрук (казак эл жомогу)5

Один комментарий к “Үч дос: жаңгактын кабыгы, катыган талкан жана чымын”

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *