Ли династиясынын биринчи королу Тхэчжонун Мун Хак деген акылман кеңешчиси болуптур. Вазир жакшы хан жакшы дегендей бул кеңешчисинин арты менен король көп ийгиликтерге жетишиптир. Мун Хакка ичинен ыраазы болуп жүргөн король бир күнү анын урматына үлпөт уюштуруп, падышачылыктагы бүт ак сөөктөрдү чогултат. Арак суудай агат.
Ак сөөктөр акылман кеңешчинин ден соолугу үчүн көтөрүшөт, иштери ийгиликтүү болушу үчүн, өмүрү узун болушу үчүн көтөрүшөт, үй-бүлөсү үчүн, бала-чакасы, небере-чөбөрөлөрү үчүн көтөрүшөт. Ошентип күүлдөп, гүлпөттү көркүнө чыгарган королдун коноктору мас болуп калышат. Падыша өзү да ылжыйт. Бир гана кеңешчи сомодой болуп соо отурат. Бул королго жакпайт.
— Укчу акылманым, сен көңүлсүз отурат окшойсуң. Кел, тамашалашабыз! – дейт король Мун Хакты жонго чаап.
— Король менен тамаша кургандын арты жаман болот, жөн эле коёлу, менин жашагым келет, — дейт кеңешчи.
— Сен кеңешчим ык… чочкого окшоп турасың! Баарыңар чочкосуңар… ык! – дейт король ыктыта сүйлөп.
Мун Хак унчукпайт.
— Ал эми мен ык… мен кимге окшошмун, бол айт! – демитет король.
— Сиз улуу урматтуум, Бульга[1] окшошсуз дейт айласы кеткен кеңешчи.
— Мен каяктан Буль болмок элем… Сен сыяктуу эле кара башыл пендемин, — дейт элдир-селдир эсине келе түшкөн король башын чулгуп.
Ошондо кеңешчи убагында айтпаса сөздүн атасы өлөт деп, көңүлүнө келе калган сөздү айта салат:
— Ооба, улуу урматтуум. Чочко бет алдындагыларды бүт чочкого окшоштурат. Ал эми Бульдун көзүнө Жараткандын өзү да көрүнөт.
Падыша мас болгондуктан сөз кыябын түшүнбөй калат, болбосо арты жаман болмок.