Аткаруучу: Аман Эсенбеков
Зымыраса жылдар алдыга
Кыбыраган жүрөк күтө берди сени кайра кайра
Шагыраган шаардай дайрада
Тыбыраган адам шашып агып барат кай жактарга
Кайырма:
Канаттарым кайрылып
Жараланып айыктырдым мен өзүмдү канча
Жарымымдай көксөгөн
Жараатымсың өчпөгөн жанымда
Күтө берем сени кайрадан
Калсам дагы караңгы жакта
Учуп чыгам алыстарга мен кайрадан
Канатым бар
Жазданаарым да жатаарымда
Сени катам жаздыгымдын алдына ойлорума
Кайырма:
Канаттарым кайрылып
Жараланып айыктырдым мен өзүмдү канча
Жарымымдай көксөгөн
Жараатымсын өчпөгөн жанымда
Кутө берем сени кайрадан
Эгер сиз бул материалдын укук ээси болсоңуз жана өчүрүүнү кааласаңыз, бул баракча аркылуу байланышыңыз.