Аткаруучу: Нурлан Насип
Сагындырган жаз болуп сен келдиң,
Жаштыгыма кайрадан дем бердиң.
Алым кетип сүйүүдөн турганда
Жүрөктү эмдедиң!
Кайырма:
Сирень гүлү
Ачылганда тааныштык ошол күнү,
Сырдаш болуп Бишкектин салкын түнү,
Жаралды тунук сүйүү…
Мен ошол күндү эч унутпайм,
Сен деген сезимди соолутпайм
Сирень гүлү
Кошту экөөбүздү
Сен келдиң дүйнөмө жаз болуп,
Мен жүрөм жытыңа мас болуп
Сирень гүлү
Кошту экөөбүздү
Сирень сымал буркурап чачтарың,
Кубанычтан жайнады асманым.
Бакытымдай сезилди мен үчүн
Өзүңдү тапканым!
Кайырма:
Сирень гүлү
Ачылганда тааныштык ошол күнү,
Сырдаш болуп Бишкектин салкын түнү,
Жаралды тунук сүйүү
Мен ошол күндү эч унутпайм,
Сен деген сезимди соолутпайм!
Сирень гүлү
Кошту экөөбүздү
Сен келдиң дүйнөмө жаз болуп,
Мен жүрөм жытыңа мас болуп
Сирень гүлү
Кошту экөөбүздү
Эгер сиз бул материалдын укук ээси болсоңуз жана өчүрүүнү кааласаңыз, бул баракча аркылуу байланышыңыз.