Адеп жер каймактап калган кезде сөзгө чечен адам болгон экен. Ал сөздөн такыр жеңилбептир. Бир күнү шайтандын атасы Малкум менен айтышып, аны жеңип, мөрөй алып калат.

Ал мындай болгон эле. «Ким улуу экенин айтышалы. Ким улуу болсо, ошол жаңылыкты көп билет. Уламаны көп угат» – дешет. Мына ошентип мелдеш чарчы жыйын элдин көзүнчө башталат.

– Сөз кезегин сен алгын, чеченим, – дейт шайтандын атасы.

– Болуптур, – деп чечен сөз тизгинин алып кеп баштайт.

– Башканын баарын айтып баш оорутуп не кылалы, жер каймактаган кезде жети жашар бала экемин, – деп элди карады.

Анда эл:

– Оо, бу улуу турбайбы, мунун алдына киши чыкпайт! – деп сөзгө алып, дуулдашып калышат.

Эмики кезек Малкумдуку деп, эл чыдамсыздык менен күтүп турушат. Сөздү баштабастан чечендин оозунан сөз чыгаары менен эле Малкум ыйлап жиберди, өпкө-өпкөсүнө тийбеди, деле басылбай койду. Чеченди улам карап буркурап көз жашын көлдөттү. Отурган эл дагы кошомат кылып жатышты. Себебин айтпай Малкум аябай көз жашын төктү. Отургандар:

– Ыйыңды токтот, ыйлап кутула албайсың. Мөрөйдөн айрылдың! – деп жаалап калышты.

Бир маалда Малкум чеченди кучактап:

– Жер каймактаган кезде менин жети жашар балам жоголуп кеткен, кулунум ошол сен турбайсыңбы, жаш сурашканым дагы сонун болбодубу! –деп каткырды.

Чечен эмне деп айтарды билбей:

– Жеңилдим, өзүңө да, сөзүңө да баракелде, жараган адам экенсиң! – деди.

Отургандар:

– Антпесе азезил болобу, муну улуу кылалы, бирок азгырганын токтотсун, – деп калышты, ошондон баштап азыткы болор-болбос акылга кирип, чебердеп калган экен.

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
Алия менен жылкы61
Акылдуу кыз жомок47
Жакшылык кылуу - Жакшылык тууралуу жомок31
Коён менен кирпи25
Көмөч нан (колобок) жомок25
ЖАЛКОО24
Бакыт-таалай каякта?19
Кырк калп жомок18
Акылдуу балдар16
БУГУ ЭНЕ(«Ак кеме» повестинен үзүндү)14

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *