Камангуэйге барып калсаң сөзсүз адашасың. Анткени бул шаардын көчөлөрүнүн бир да түз кеткенин көрбөйсүң. Бардыгы жыландын изи сыяктуу ийри-муйру, баш айлантма. Эгер жергиликтүүлөрдөн мунун себебин сурасаң мындай деп жооп беришет:
— Биздин шаардын долбоорун малчылар түзгөн. Алар: “шаар куруп жүргөнүбүздө – дейди немелер мурун көтөрүп туш келди басып кетет”, — деп коркуп бул жерге бир бада азоо букачар айдай келишет.
Ошентип шаардын долбоорун түзө баштаганда мындай курабыз, тигиндей кылабыз деп талаша кетишип, дегеле бир бүтүмгө келе албай коюшат. Аңгыча жамгыр куюп жиберип, айлана бүт балчыкка айланат.
Ошондо алардын бирөөсүнүн башына жакшы ой келип, анысын сунуштай салат: “Мен таптым! Жамгырдын жааганы бизге пайда болду. Азыр букачарларды чогултабыз да, асманга мылтык атабыз. Ал азоо немелер ар кайсы тарапка качып жөнөшөт, ар биринин артында изи калат. Биз ошол из боюнча келечектеги шаардын көчөлөрүн долбоорлой салабыз, кечке талашып жүрбөй. Кандай дейсиңер?” – дейт.
Бул сунуш баарына жагып, ал айткандай кылышат. Бир гана жаман жери – мылтык атылганда бир да букачар түз качпаптыр, ошондуктан биздин көчөлөр ийри-муйру болуп калыптыр. Ал эми Сальсипуэдес аттуу көчөбүздүн туюк болуп калышынын себеби мындай: ал тарапка бараткан букачар коркогураак экен, качып баратып жүрөгү жарылып мүрт кетип, ал көчөбүз аягына чыкпай калыптыр…