Кудай десем кур калбайм деген, түз жургөн бир ак ниет дыйкан болуптур. Бир күнү токой аралаган кыябанда кетип баратса алдынан азезил чыга калат да айтат:
— Кудай мага душман, сен аны гана угасыӊ. Бирок биле жүр: менин душманымдын досу — менин душманым. Демек сен мага душман болгон соӊ, мен сени өмүр бою бактысыз кылам., сен күнү-түнү кудайыӊа жалынсаӊ да, бардык касиеттүү ыйыктар сен үчүн сыйынса да сага эч нерсе жардам бербейт.
Дыйкан коркконунан титиреп араӊ сүйлөдү:
— Бирок мен сизге душман эмесмин да, сеньор азезил, сиз мага эч жамандык кылган жоксуз, кантип бир да жолу таарынтпаганга – сизге дос эмес болом…
— Макул эмесе, макул. Мен сени көпүрөдөн күтөм, көрөбүз, ким сага көбүрөк дос экенин — кудайбы же менби.
Ушул сөздү айтты да, азезил житип жок болду.
Дыйкан тигинин коркутканынан тердеп да кетти, катуу капаланган бойдон кете берди. Жүрүп-жүрүп көпүрөгө келгенин да байкабай калыптыр. Басканда эле көпүрө кыйрап түштү, тактайлар бүт сууга ыргыды да, жалгыз тактай калыптыр. Дыйкан ошол тактайды кармап эптеп илинип турат, ал да солкулдап, аны көтөрө албай ийилип жатты.
Караса, көпүрөнүн бир жагында азезил, экинчи жагында кудай турат дейт. Азезилдин азабы менен кудайдын каарынан корккон дыйкан эптеп жөрмөлөп келатат да, жанталашып жалбарып, күбүрөнөт:
— О, Кудай колдо, азезил сакта… Кудай колдо, азезил сакта…