Датасы: 24.09.2020
Формат: mp3

Бир ыр жазып жолун таптым макташтын
Ата- энем бар үчүн мен жапжашмын
Жолун таппай жүрөм бирок эч эле
Айыл жакка жылда бир маал катташтын

Кайырма:
Билбейм канча баркын билдим учурдун
Билбейм канча жаштык кылып кутурдум
Ата- апам мээнетиңден экөөңдүң
Билбейм канча пайызынан кутулдум

Барбасам да тилеп келем өмүрүң
Оорутпасак дешет экен көңүлүн
Жетсем буйуруп ата-энемдин жашына
Канам балким түшүнөөрмүн төгүнүн

Кандай гана ыйык сөздөр айтылуу
Баардык жыргал ата-эне аркылуу
Тилегеним күнү-түнү кудайдан
Биз силердей болсок экен бактылуу

Один комментарий к “Айпери Кулбаева — Ата-энеме таазим”

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *