Ач карышкыр

Досуңуз менен бөлүшүңүз
  •  
  •  
  •  
  •  
  •  
  •  

Чоң суунун боюн жеке ээлеп, ошол жерде оюна келгенин кылган, жолукканды тыткылап моокусу канган дебөт карышкыр болуптур. Ошол өзөндү ээлегенине элүү жыл болот. Бирок ошондо да тойбой, акыры ач карышкыр деген атка конуптур. Күндөрдүн биринде жортуп келатып, бул Карышкыр канаты сынган Карчыгага кезикти.


Кубанычы койнуна батпай:
— Ой, мен сени жеймин! — деди.
— Эмне үчүн, Каке?
— Курсагым ачка, таппадым сенден башка,— деди Карышкыр тилин салаңдатып, шилекейин агызып.
— Андай кылба, Каке мени жегениң менен карыныңа как, жумуруңа жук болбойм. Көрчү мени, аркайган сөөгүм гана турат. Мындан ары барсаң — тээтиги дөбөдө узундугу бир кулач чучук жатат. Ошону жесең, сонун тойбойсуңбу! — деди Карчыга.
— Эмесе макул, — деди да, Карышкыр желген бойдон дөбегө чыгып барды. Айткандай эле бир кулач чучук жаткан экен. Аны керө сала:
— Ой, узун чучук, койгон экен мага буйруп, мен сени жеймин, — деди.
— Эмне үчүн жейсиң?
— Курсагым ачса, буюрбаптыр сенден башка,—деп Карышкыр тилин салаңдатып, шилекейин агызды.
— Жоок, Каке, мени жегениң менен тишиңе тыгын да болбойм. Андан көрө тээтиги кырды ашсаң — ак улак жүрөт. Ошону жесең, капшытың чыкпайбы!
Муну укканда карышкыр ичинен кымыңдай түшүп, желипжортуп кырды ашып, улакка кандай жеткенин өзү билбей да калды:
— Ой, Улак, мен сени жеймин.
— Эмне үчүн?
— Курсагым ачка, ошон үчүн.
— Жоок, Каке, мени жебе!.. Көрчү! кандай арыкмын, этим көк жашык, каным бир кашык. Мени жегениң менен тойбойсуң. Мына бул тоонун ары жагында чоң кара эчки бар, ал семиз, ошону жесең жыргабайсыңбы, — деди Улак чепилдеп.
Ач Карышкыр макул болуп, куйругун көтөрүп алып, даң салган бойдон тоону ашып, чоң кара эчкиге барды:
— Ой, Эчки, мен сени жеймин.
— Эмне үчүн? Курсагым ачка, ошон үчүн.
— Мен бир жегенден чыкпайм, анан эртең дагы тамак издемек белең!.. Андан кере мына бул өзөнгө барсаң — чоң боз бээ баткакка тыгылып жатат. Аны үчтөрт күн оокат кылбайсыңбы!
— Сеники ырас, — деди да, ач Карышкыр жележорто өзенгө келди Боз бээни көргөндө кезү кызарып, шилекейи агып, «эми жейм» деп сүйүндү.
— Ой, Боз бээ, мен сени жейм.
— Эмне үчүн?
— Курсагым ачка.
— Эмесе жакшы болуптур… Оболу мени баткактан чыгарып, анан жегин.
Карышкы макул болду да, Боз бээни араңданзорго баткактан сүйрөп чыгып:
— Эми жейинби? — деп тиштерин кычыратты.
— Эми жейсиң, бирок эң оболу менин туягыма өзүңдүн ким экенинди жазып коюп, анан жегин, — деп бээ туягын тосту.
Туягына кат жазып жаткан кезинде, боз бээ ач карышкырды кош аяктап жыга тепти да, өзү оюн салган бойдон жөнеп кетти. Ач карышкыр ордунан туруп, сендиректеп басып, арманын айтып баратты:

«Карчыганы жебеген Кайран башым.
Кулач чучук жебеген Курган башым,
Ак улакты жебеген Аңкоо башым,
Кара эчкини жебеген Каткан башым,
Балчыктан байтал суурган Балбан башым,
Таманына кат жазган Молдо башым,
Тарс эттире тептирип,
Өлүп кала жаздаган
Оолда башым!»

Ошондон кийин карышкырдын башынан жарасы бат эле кабылдап, көп узабай өлүп калган экен.

Окшош чыгармалар

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *