Дабырап терезеге жазгы күүлөр,
Угамын кайрыктарын качанкы ырдын.
Ал түнү чарт ачылган ак сүйүүлөр,
Алдында дабыраган кол чатырдын.
Ал түнү чарт ачылган ак сүйүүлөр,
Алдында дабыраган кол чатырдын.
Тамчыга суктанчубуз биз ар качан,
Турбады ал сезимдер тунук бойдон.
Күкүктөп сен кайрадан чакырбасаң,
Жамгырлуу жакшы жазым унут болгон.
Күкүктөп сен кайрадан чакырбасаң,
Жамгырлуу жакшы жазым унут болгон.
Келемин баягы эле көктүү күндө.
Бирок сен кайрылбайсың туюп койгон.
Жашаймын ошол жаздын өткүнүндө,
А жамгыр баягы эле тунук бойдон.
Жашаймын ошол жаздын өткүнүндө,
А жамгыр баягы эле тунук бойдон.
Малика Дина — Махабат тексти
Датасы: 24.09.2020 Көрүүлөр: 970
Биричи аткаручу ким еле
Жамиля Муратова аткарган
Сонун ырдаптырго молодец жакты мага