Ак-куудай боюң буралып,
Ак халат кийсең буралып.
Ак денең сенин мөлтүрөйт,
Айпери сымал нурданып.
Кайырма:
Жана-жана-жанарым, ай,
Сагындым жүрөгүм, оо.
Ак балыктай чубалып,
Ак көйнөк кийсең буралып.
Ак бетиң сенин мөлтүрөйт,
Ак мөңгү сымал нурданып.
Кайырма:
Ак жолук турсаң салынып,
Ай нуру сага агылып.
Ак тамагың мөлтүрөйт,
Ак бермет алсаң тагынып.
Кайырма:
Ильяз Абдыразаков — Жанарым, ай тексти
Датасы: 23.09.2020 Көрүүлөр: 728