Датасы: 23.09.2020
Формат: mp3

Мезгил байкатпай жайып кулачын,
Ойноо кезден өткөн убагың.
Турмуш жолуна бирге аттанган,
Жакшы жардан болсун жубайың.
Кайырма:
Өмүрлөшүң өзүң тандаган,
Кошкону болсун Кудайдын.
Кайталангыс ушул өмүрдө,
Бактылуу болсун, ылайым.
Бири-бирини сүйүп табышкан,
Жуп болушту бийкеч, боз улан.
Бирге өстүрүп, бирге карытып,
Узак өмүр берсин Жараткан.

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *