Гүлжигит Cатыбеков — Отуз беш тексти

Көчүрүү (скачать)
Эшик ачык какпай коңгуроо,
Ээ, салам айтып келди отуз беш.
Түбөлүккө эми коштоштум,
Отуз төртүм эми кайыр кош.

Сүйүнсөң деле күйүнсөң деле,
Өтөөр экен бул турмуш.
Ыйласаң деле жыргасаң деле,
Өтөөр экен бул турмуш.

Убакыттын алып эсебин,
Ээ, ар бир адам сезип туябы.
Берекеси ар бир күнүмдүн,
Берсе экен деп тилейм Кудайым.

Ойносоң деле ойлонсоң деле,
Өтөөр экен бул турмуш.
Уктасаң деле чуркасаң деле,
Өтөөр экен бул турмуш.

Ден-соолуктан айырба,
Шүгүр кылып баарына.
Максат коюп жашап алдыга.
Ээ, бир тууганым келчи деп,
Сүйлөшөлү жалаң жакшы кеп.
Канча жашоо калды ким билет.

Сагынсаң деле табышсаң деле,
Өтөөр экен бул турмуш.
Сүйүшсөң деле күтүшсөң деле,
Өтөөр экен бул турмуш.

Ден-соолуктан айырба,
Шүгүр кылып баарына.
Максат коюп жашап алдыга.
Ээ, бир тууганым келчи деп,
Сүйлөшөлү жалаң жакшы кеп.
Канча жашоо калды ким билет.

Гүлжигит Сатыбеков Отуз беш караоке

Топ 10 популярдуу ыр

Ырдын атыLike саны
Нурлан Насип - Эне тилде сүйлөйлү тексти462
Бекжан Темирхан - Эзилип буттум тексти338
Султан Садыралиев - Адамга адам керек тексти200
Мирлан Баеков - Оксук ыры тексти103
Алмаз Шаадаев - Айрылып кеттин алыска тексти102
Султан Садыралиев - Күнөөмдү кечир, Алла тексти67
Сыймык Бейшекеев - Таарынба тексти67
Кызсайкал Кабылова - Атыныз жашайт тексти64
Айганыш Абдиева — Коё бер тексти62
Зарлык Камбаралиев, Айганыш Абдиева - Сен менде ганасын тексти60

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт.