Жыл тосуп, жыл узатып,
Чыккан күн кайра батып,
Убакыт — зымырык куш,
Негедир барат шашып.
Мынакей Жаңы жыл да,
Мээримин төгүп келди.
Тазартып көңүлдөрдү,
Агартып тоону, жерди.
Кайырма:
Сезимдин жарык таңы,
Жыл жаңы, көңүл жаңы.
Жүрөктү толкундаткан,
Жаңы жыл келди дагы.
Бакыттын жылы болуп,
Ачылсын элдин багы.
Апак, ууз сүйүү берсин,
Мага да, сага дагы.
Береке бейпилчилик,
Кубаныч, күлкү менен.
Элиме ырыскы бер,
Койнуңду ачып кенен.
Жарык чачкан Жаңы жыл,
Сага арнап ырдайбыз ыр.
Жакшы тилек, жакшы үмүт
Ала келгин Жаңы жыл.
Кайырма:
Ильгиз Абдалиев — Жаңы жыл тексти
Датасы: 26.09.2020 Көрүүлөр: 96