Эрке кыз элең шаңга бөлөгөн үйүбүздү,
Элпегим элең эки кылбаган тилибизди.
Эми бой жетип узап жатасың түгөйүңө,
Мыкты жар болгун, бакыт орносун.
Жарык кыла бер жүзүбүздү
Кайырма:
Эрке кызып, эстүү кызып,
Эми сен да турмуш курасың
Бактылуу бол, ачылсын жол,
Барган жериң дагы кубансын.
Салам салып тур барган жериңе салтты бузбай,
Кайын журтуңа кайрымдуу болгун өз кызыңдай.
Жөлөгү болгун, тиреги болгун түгөйүңө,
Боорукер эне, бир тууган жеңе,
Меймандос болгун кыргызымдай.
Кайырма:
Анжелика — Эрке кызым тексти
Датасы: 25.09.2020 Көрүүлөр: 1870