Датасы: 27.12.2024
Формат: mp3

Билбейм канча бел аштым
Күн түн бекем мыкчып ат жалын
Адашканда адаштым
Күйүп турду мен деп от шамың

Жыгылаарда бирок кез болду
Тикелей өрдө бошоп басмайыл
Ызгаар бороон менен кармашып
Бул дүйнөдө билип күткөн сен барың

Кайырма:
Сен мени неге сүйдүрдүң?
Тутаналбай жүрүп өчөт дедиң го
Сүйүү отко күйүп чыдабай
Журтуң таштап көчөт дедиң го
Деңизиңде мени сүзалбай
Сен чөгөт дедиң го
Сен чөгөт дедиң го

Бегимайдай ырдасаң
Ыраймаалы төккөн сенсиң дастаным
Данияр деп мага сыр айтсаң
Жамилямсың менин сенсиң асманым

Утуп чыктым жорго байгеден
Таң ашырбай гүлсараттан тер албай
Улак чаптым тиштеп камчымды
Жула качып алдыңа жүрөгүм таштадым

Кайырма:
Сен мени неге сүйдүрдүң?
Тутаналбай жүрүп өчөт дедиң го
Сүйүү отко күйүп чыдабай
Журтуң таштап көчөт дедиң го
Деңизиңде мени сүзалбай
Сен чөгөт дедиң го
Сен чөгөт дедиң го


Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *