Поптун уулу болуптур. Эч нерсе үйрөнбөгөн, колунан да түк келбеген акылсыз, жалкоо экен, түгөткүр.

Теректей бой берип, теменедей акыл бербептир ага. Мурдун чукулап отургандан башканы билбейт. Бир күнү үйдө нан жок калып, кызматкерлердин бири жок, баары жумуш боюнча кетишкен. Поп баласын чакырып айтат:

— Уулум, айланайын! Үйдө бир кесим нан калбаптыр, туз салган идиштин да түбү көрүнөт. Мобу эки алтын теӊгени ал да базарга барып кел. Бир теӊгеге нан, экинчисине туз сатып ал.

Поптун уулу акчаны алып  базарга келди. Мында калачтарды эсептеп жатат, бул жерде туз өлчөп, айтор соода кызуу жүрүп жатат. Тиги кайсар бала алтын акчаларын кайта-кайта колуна алмаштырып башы катат: балээ болуп, атасы кайсы акчага нан, кайсы акчага туз сатып алышты айтпай калыптыр да. Өзүнүн акылы жетпесе кантет, эмне кыларды кечке чейин чече албай, кечинде үйүнө куру кол келди.

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
Алтын балык22
Көмөч нан (колобок) жомок14
БУГУ ЭНЕ(«Ак кеме» повестинен үзүндү)13
Акылдуу кыз11
Жетим менен сыйкырчы жомок11
Жарык жол9
Кичинекей жалбырак жөнүндө жомок9
Кыска жана күлкүлүү жомоктор9
Дервиштин кызы7
Алия менен жылкы5

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *