Байке деген, эркелеген, татына сүйкүм элең,
Жүрөгүмдү элжиреткен, жакшына күлкүң менен.
Мезгил шашып, жыл алмашып, бой жеттиң карындашым,
Түгөйүңдүн бактына, жар болгун мөлтүрөгөн.
Кайырма:
Келин болдуң, барып кондуң, ак сүйүүңдүн багына,
Өзүң улап, турмуш жолун, ак жолугуң салына.
Бактылуу бол карындашым, көздөн жашың тамбасын,
Жашооңорго, Жаратканым, жакшылыгын арнасын.
Кубат бере, ата-энеңе, нур сымал жаркырадың.
Эми жеттиң, эрезеге, гүл кыял шам чырагым.
Кубанып да, муңайып да толкуп турат көңүлдөр.
Ушул ирмем, канат кагып, уядан талпынасың.
Жумабек Акбаров — Келинчек тексти
Датасы: 27.09.2020 Көрүүлөр: 253