Датасы: 27.09.2020
Формат: mp3

Байке деген, эркелеген, татына сүйкүм элең,
Жүрөгүмдү элжиреткен, жакшына күлкүң менен.
Мезгил шашып, жыл алмашып, бой жеттиң карындашым,
Түгөйүңдүн бактына, жар болгун мөлтүрөгөн.
Кайырма:
Келин болдуң, барып кондуң, ак сүйүүңдүн багына,
Өзүң улап, турмуш жолун, ак жолугуң салына.
Бактылуу бол карындашым, көздөн жашың тамбасын,
Жашооңорго, Жаратканым, жакшылыгын арнасын.
Кубат бере, ата-энеңе, нур сымал жаркырадың.
Эми жеттиң, эрезеге, гүл кыял шам чырагым.
Кубанып да, муңайып да толкуп турат көңүлдөр.
Ушул ирмем, канат кагып, уядан талпынасың.

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *