Датасы: 29.09.2020
Формат: mp3

Классташтар ынак болдук достошуп
Ынтымактуу үй-бүлөгө окшошуп
Балалыктын балын бирге татчу элек
Кез да келди ажыроого коштошуп

Кайырма:

Ар ким табаар өз жолун
Классташ курбу досторун
Билим берген мектебим
Окуучулугум кош болгун

Жаңы күндөрдө чогуу жүрдүк канча убак
Өткөндөрдү эстеп жүрөк жанчылат
Биз турабыз кош дей албай мектепке
Көзүбүздөн жаш мөлтүлдөп чамчылап

Он жыл бою алмаштыргыз күн өткөн
Жылуу сөздөр тартуулаштык жүрөктөн
Жолукканда бул мезгилде кайрадан
Эскерербиз көксөй карап сүрөттөн

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *