Чаткалдын тоосун ашканда мен,
Чар булут каптап асманда.
Чачымдан сылап ойготтуң сен,
Чатырда уктап жатканда.
Кайырма:
Жакшы эле көрөм,
Жакшы эле көрөм,
Жакшы эле көрөм өзүңдү.
Көк ойдун тоосун ашканда мен,
Көк булут каптап асманда.
Көкүлүм сылап ойготтуң сен,
Көлөкөлөп уктап жатканда.
Кайырма:
Бозойдун тоосун ашканда мен,
Боз булут каптап асманда.
Жүзүмө сылап ойготтуң сен,
Боз үйдө уктап жатканда.
Кайырма:
Кайрат Примбердиев — Жакшы көрөм өзүңдү тексти
Датасы: 29.09.2020 Көрүүлөр: 592