Мен махабат жарчысы,
Ырлар сезим тамчысы.
Жашоо деген жарык күн,
Караңгы түн жартысы.
Сен изденип талыкпай,
Дүйнө кезип чабыттай.
Кадырыңа жеткенди,
Карма алтын балыктай.
Кайырма:
Кара түндү айдап көңүлдөн,
Жарык күнүң өчпөй өмүрдөн.
Арууланып дайым жан дүйнөм,
Ак сүйүүгө болсун өрүлгө.
Тилек узун, күн кыска,
Тирүүлүктө бир нуска.
Өмүр бекер өтпөсүн,
Өзүңдү тап турмушта.
Кайырма:
Гүлнур Сатылганова — Бир нуска тексти
Датасы: 29.09.2020 Көрүүлөр: 660